Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Бишкек: Ататүрк паркындагы тосмолор буздурула баштады


Ататүрк сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды.
Ататүрк сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды.

Бишкектин Ататүрк сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы атайын маалымат таратты. "Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты. Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев "Ататүрк паркына байланыштуу чыгарылган мэриянын соңку чечиминин биринчи баскычында мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынып жатканын" окуянын жеринен чагылдырууга барган"Азаттыктын" кабарчыларына билдирип, үйлөрдү сүрдүрүү же сүрдүрбөө боюнча аракеттер соттун чечимине жараша болорун кошумчалады.

"20дан ашык жер тилкелерин сотко бердик. Дагы 90дон ашыгы турат. Тактоо иштери жүрүп жатат. Бардыгы соттун чечими менен кылабыз. Калган бардык иш-чаралар соттун чечимине байланыштуу", - деди Орозалиев.

Мэрия тараткан маалыматта "сотко 41 доо арыз менен кайрылышканы" айтылат. Мекеме "уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүрүп жатканын, курулуш эрежелери сакталбаса, мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрүн" эскертти. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG