Иран алгачкы жолу Орусияга жаңы, башкарылуучу авиабомбаларды берди. Бул тууралуу Bild басылмасы өзүнүн аскердик талдоочусу Юлиан Рёпкеге шилтеме кылып кабарлады.
25-майда Курск облусунда Иран өндүрүшүндөгү Mohajer-6 учкучсуз учуучу аппараты кулап түшкөн жерде тартылган видеону анализдеп чыккан Рёпканын пикиринде, ал дрондун бортунда Ирандын Qaem-5 үлгүсүндөгү жаңы, башкарылуучу авиабомбасы болгон.
Болжол менен ал учкучсуз учуучу аппарат Украинанын Сумы облусуна чабуул жасашы керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам көздөгөн жерине жетпей, кулап түшкөн.
Би-Би-Синин орус кызматы белгилегендей, Курск облусунда кулап түшкөн дрондун канаттарынын алдындагы бомба Ирандын Mohajer-6 жана Hamaseh учкучсуз учуучу аппараттарында колдонулушу мүмкүн болгон кичи радиустагы Qaem-5 авиабомбасына окшош.
Ирандын аскердик инженерлери иштеп чыгып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү 2019-жылдан тарта колдоно баштаган Qaem-5 авиабомбасы телевизиондук мээлөө мүмкүндүгүнө ээ болуп, дүрмөттөрдүн түрдүү типтери менен жабдылат. Бомбанын учуу аралыгы 40 чакырымга чейин жетет.
Орусия Mohajer-6 дрондорун (авиабомбасыз) Украинада 2022-жылдын август айында колдоно баштаганын The Washington Post басылмасы жазган. Рёпканын айтымында, орус армиясынын Qaem-5 бомбасын колдонуп жатышы – Иран менен Орусиянын аскердик кызматташтыгынын жаңы деңгээлге чыкканын көрсөтүүдө.
Дагы караңыз
Грузия: Парламент менен президентти тирештирген мыйзамГаза: Израил аскерлери Рафахтын борборуна кирди "Ооруканага хижабчан кирүүгө болбойт". Тажикстанда "туура эмес" кийингендер айыпка жыгылат 1-июндан тарта Ошто "Коопсуз шаар" долбоору ишке киретБишкек: Ататүрк паркындагы тосмолор буздурула баштады