Ошто жер махинациясын уюштурган жаранга издөө жарыяланды

Ош облусунун Өзгөн району. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, "Дөкү" каймана аттуу Дөөлөтбек Ормонов алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу аркылуу, жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндүгү аныкталып, ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаардык соту Ормоновду сыртынан камакка алуу бөгөт чарасын тандап, ага эл аралык издөө жарыяланды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалыматта Ормоновго издөө Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү жер тилкесине байланыштуу экени айтылган.

УКМК Ормоновдон жабыркагандар болсо мекеменин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефон номуру аркылуу кайрылууга чакырды.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн “Регион” телеканалы 13-14-май күндөрү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн тургундарынын жеке турак жайга жер тилке алуу боюнча нааразылыгы тууралуу материал жарыялаган.

Анда сүйлөгөн жарандар айыл аймакка караштуу 84 гектар жер айыл чарба багытынан калктуу конуштар категориясына трансформацияланып, мыйзамсыз таратылып жатканына даттанышкан. Айыл аймактын башчысы Алмазбек Жолдошев ошол эле телеканалга берген комментарийинде жер тилкелери ал кызматка келгенге чейин бөлүштүрүлүп бүткөнүн билдирип, мурдагы жетекчилик аларга документтерди толук өткөрүп бере элек экенин айткан. (ErN)

Дагы караңыз

Украина: Супермаркетте каза тапкандар 18 болушу мүмкүн экени кабарланды Тилек Матраимовдун иши Ош шаардык сотуна өттүГермания мурдагы аскерин "Орусияга тыңчылык кылган" деп соттодуПарламенттин бюджет комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда колдодуМинистрлик Кыргызстанда чет элдик студенттер 58 миңден ашуун экенин билдирди Грузия: Парламент комитети "чет элдик агент" мыйзамына коюлган ветого каршы чечим кабыл алды