Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Министрлик Кыргызстанда чет элдик студенттер 58 миңден ашуун экенин билдирди


Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.
Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган чет өлкөлүк 58 миң 600 студент бар. Алардын көбү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөнүн жарандары экенин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Ушул эле жыйында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандан 12 миң 978 адам келгенин, алардын 6 миң 432си студент, калгандары жумуш боюнча уруксат алганын маалымдады.

Комитеттин жыйынында чет өлкөлүк студенттердин көбү милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин албай жатканы айтылды. Абазбек уулу бул жаатта жогорку окуу жайларга түшүндүрүү иштери, жолугушуулар жүрүп жатканын билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева 7996 чет элдик студент медициналык камсыздандыруу полисин алганын тактады.

Депутаттар Айбек Маткеримов жана Илимбек Кубанычбек уулу полис алган чет элдик студенттердин саны аз экенин, бул жаатта мамлекеттик мекемелер иш алып барышы керектигин белгилешти.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ушул эле жыйында 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганын билдирген.

Буга чейин ИИМ 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкта 49 киши жабыркаганын билдирген. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

Мекеменин билдирүүсүндө, 18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Бир нече киши Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманканага кирип барып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугу жана алардын өлкөдө мыйзамдуу жүргөнү боюнча талкуулар күчөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG