22-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирип, аэропорт кадимки тартипте ишин улантып, пландалган рейстер аткарылып жатканын кабарлады.
Жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.
16-майда да ушундай эле маалымат түшүп, анда да аэропорттон жардыруучу зат табылган эмес.
Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.
Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)
Дагы караңыз
“Kloop” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын алдыӨкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айттыЖээнбеков “кемпирабадчылардын” адвокаттарына басым болуп жатканын айттыНорвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт Президент Жапаров Раиси кыргыз-иран алакасына салым кошконун айттыТИМде Бангладештин элчиси менен чет элдиктердин коопсуздугуна байланышкан маселе талкууланды “Манас” аэропортунан эл эвакуация болуп жататОрус армиясынын аткылоосунан Сумы облусу электр жарыксыз калды