Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Президент Жапаров Раиси кыргыз-иран алакасына салым кошконун айтты


Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты.
Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты.

22-майда президент Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, элчи Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, Иран элине көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, тик учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раиси өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаганын билдирди. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты.

Тик учактын кыйрашынан каза болгон Эбрахим Раиси, Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахиян жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду.

Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

20-майда Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG