Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бишкек.

Чукул билдирүү: Кыргызгидромет борбору 24-27-май күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болорун эскертти. Мекеме жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирди. 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында үшүк жүрүшү мүмкүн. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

23-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17...22;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20...25 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22° болот.

Дагы караңыз

Өкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айттыЖээнбеков “кемпирабадчылардын” адвокаттарына басым болуп жатканын айттыНорвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт Президент Жапаров Раиси кыргыз-иран алакасына салым кошконун айтты“Kloop” порталы эл аралык Free Media Pioneer award сыйлыгын алдыТИМде Бангладештин элчиси менен чет элдиктердин коопсуздугуна байланышкан маселе талкууланды