21-майда Ош облусунун Араван районунда 150дөй киши жер тилкеси узак убакытка ижарага берилип жатканына нааразы болуп акцияга чыгышты.
Чогулгандар эки гектарга жакын жер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовго ижарага берилип жатканын айтып, жер айылдын мазарынын жанында болгону үчүн каршы экенин билдиришти.
Акцияга чыккандар менен Кубанычбек Нурматов жолугуп, Араван районуна эки гектар жерге курула турган эс алуу жайынын долбоору токтотулганын айтты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эс алуу жайында 70тен 100гө чейин киши иштейт деп пландалганын билдирди.
Жергиликтүү бийлик элдин сунушун эске алып, жерди Достук айыл аймагынын башка жагынан берүү чечимин кабыл алды. (DSh/BTo)
Дагы караңыз
Таласта "Бала-Саруу" чакан ГЭСи ишке киргизилди Польша Орусия менен байланышы бар тогуз диверсант кармалганын билдирдиСот Мадумаровдун өкүмгө каршы арыз берүү мөөнөтү боюнча өтүнүчүн карайтУКМК: Өзүн Сузактын "көзөмөлдөөчүсү" деп мүнөздөгөн адам кармалды2 млн сомдон ашуун акча салынган сейфти уурдагандар Оштон кармалдыКиевге Германиянын тышкы иштер министри барды, Харьковдо кармаш улануудаКемпир-Абад иши: Кеңешбек Дүйшөбаев тилкат менен абактан чыктыВебкам уюштургандарды жазалоо чарасын мыйзамга киргизүү сунушталдыУКМК казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген пакистандыктар кармалганын билдирди