Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Польша Орусия менен байланышы бар тогуз диверсант кармалганын билдирди


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Польшада “Орусиянын атайын кызматынын буюртмасы менен саботаж жана диверсия жасоого” шектелип тогуз киши кармалганын TVN24 телеканалына курган маегинде өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирди. Анын айтымында, сөз Вроцлав шаарындагы боёк чыгаруучу заводго өрт коюу аракети, Литвадагы диверсиялар жана IКЕА кампасына өрт коюлганы тууралуу болууда.

Туск бул окуяларга орусиялык атайын кызматтын тиешеси бар экени "шек жаратпай" турганын белгилеп, кырдаалды "өтө олуттуу" деп атады жана ушундай эле диверсиялар башка өлкөлөрдө да, мисалы, Латвияда жана Швецияда пландалганын кошумчалады.

Кармалгандар Украинанын, Беларустун жана Польшанын жарандары экени, алардын айрымдары, Туск белгилегендей, "криминал чөйрөнүн адамдары" катары белгилүү экени маалымдалды.

Мурдараак Польшанын президенти Анжей Дуда өлкөдө бир нече жерде чоң өрт чыкканын, буга атайылап өрт коюу себеп болушу ыктымал экенин, ички тынчтыкты бузуу аракети да жасалган болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Орусиялык оппозиционер, абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү Леонид Волковго Литвада жасалган кол салууга шектүү киши жана буюртмачы, Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштеген Беларус жараны Польшадан кармалганы бир ай мурда маалымдалган.

Былтыр декабрь айында Польшанын Люблин шаардык соту Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп кармалган 14 кишиге өкүм чыгарган. Бийлик аларды темир жол тармагында диверсия даярдаган деп айыптаган. Дээрлик баары Украинанын жараны болчу, көбү айыбы жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG