Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Сот Мадумаровдун өкүмгө каршы арыз берүү мөөнөтү боюнча өтүнүчүн карайт


Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун ага карата райондук сотто чыккан өкүмгө каршы арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн карайт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирип, маалыматты саясатчынын адвокаты Сейитбек Довлатов да ырастады. Анын сөзүнө караганда, эгерде райондук сот өтүнүчтү канааттандырса, Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровго чыгарган өкүм боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилет.

Май айынын башында Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун шаардык сотко жолдогон арызын “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен четке каккан. Саясатчынын адвокаттары буга каршы болуп, арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн келтирген.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.

Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн. буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 20-майда сот саясатчынын мандаты боюнча арызын четке какты. (BTo)

XS
SM
MD
LG