Депутат Акаев абактагы журналисттердин укугун коргоого чакырды

Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны абакта жаткан журналист жана активисттердин укугун коргоого чакырды.

Бул тууралуу ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында омбудсмендин Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча 2023-жылдагы баяндамасы талкууланып жаткан учурда айтты.

“Тилекке каршы бир канча журналистибиз абакта жатат. Олжобай Шакирге чыккан өкүм да туура эмес болду деп эсептейм. Өзүнүн оюн айтып койгону үчүн беш жылга соттолду. Олжобай Шакир 100 миң кишини алып чыгып тополоң кыла алмак эмес. Ал акын. Айданбек Акматов деген аналитик журналист да абакта жатат. Жыйынга журналист катары барып камалып кетти. Соту да жабык болуп атат. Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы да абакта. Сиз (Жамиля Жаманбаева) алардын укугунун корголушун көзөмөлдөп турушуңуз керек”, - деди ал.

Депутаттын мындай сунушун парламентте акыйкатчы Жамила Жаманбаева комментарий берген жок. Буга чейин Жаманбаева "Азаттыкка" маегинде Акыйкатчы институту "массалык баш аламандыкка чакырды" деп кармалган журналисттерден кабар алып жатканын, алардын бири Махабат Тажыбек кызынын денесинде уруп-согуунун белгилери бар экени аныкталганын жана бул боюнча прокуратурага кайрылганын билдирген эле.

14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжобай Шакирди Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесине шек саналып ушул тапта “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ал эми Айданбек Акматов Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчыга адамдардын көбү сотторго каршы арызданатТажикстанда оппозициячыл саясатчы көз жумдуКулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугуштуМинистр чет элдик студенттердин коопсуздугу камсыз кылынарын айттыПрезидент Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышына катышты“Чет элдик өкүл” деп табылган уюмдарды каттоонун жобосу бекитилди20-май: Бишкектеги окуя боюнча Жапаровдун эскертүүсү, Ирандагы беш күндүк аза күтүү