Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Акыйкатчыга адамдардын көбү сотторго каршы арызданат


Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Омбудсмен институтуна адамдардын көбү сот системасы менен укук коргоо органдарына арызданып кайрыларын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында айтты.

Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча 2023-жылдагы баяндамасында Акыйкатчы институтуна негизи калктын социалдык жактан корголбогон катмары – жумушсуздар, пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрыларын кошумчалады.

“Акыркы үч жылдын ичинде сот органдарына кайрылуулар жалпы кайрылуулардын 40-45% түзүп жатат. 2021-жылы бул көрсөткүч 41,3% болгон. 10,6% социалдык камсыздоо органдарына1,5% жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 1,2% саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине байланыштуу кайрылуулар”, - деди ал.

Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылганын, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG