Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы көз жумду


Рахматилло Зоиров
Рахматилло Зоиров

Тажикстанда өлкөнүн алдыңкы юристтеринин бири жана "Социал-демократиялык партиянын" мурдагы лидери Рахматилло Зоировдун сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары жана жакын санаалаштарынан турган аз сандагы гана адам катышты.

Саясатчы 18-майда 67 жаш курагында узакка созулган оорунун айынан каза болгон. Жакындары ал акыркы убактарда дээрлик үйдөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй калганын билдирүүдө.

Рахматилло Зоиров Тажикстандын альтернативдүү Конституциясынын авторлорунун бири болгон. Анын долбоору четке кагылганы менен Баш мыйзамдын расмий версиясына өз таасирин тийгизген.

Саясатчы 1998-жылы "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" деген партия түптөп, аны дээрлик бир жылдан кийин гана каттоодон өткөрө алган. Бирок бийлик партияны ошол эле жылы кайра жаап салган.

Зоиров 2001-2003-жылдары президенттин укуктук маселелер боюнча улук кеңешчиси болуп иштеген. Кийин "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясын "Социал-демократиялык партия" деген аталыш менен кайрадан каттоодон өткөрүп, саясий ишмердүүлүгүн баштаган.

Зоиров өкмөткө карата катаал позицияны карманып, өлкөдөгү түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык айтууга аракет кылып келген.

Зоиров жетектеген "Социал-демократиялык партия" Тажикстандагы көптөгөн парламенттик шайлоолорго катышып, бирок бир да жолу расмий түрдө 5 пайыздык чектен аша албай, бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен эмес. Саясатчы тажик бийлигин дайыма добуштарды саноодогу бурмалоолорго айыптап келген.

XS
SM
MD
LG