Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Азаттыкка” ушул тапта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда баш-аягы 59 миңдин тегерегиндеги чет элдик студенттер окуп жатканын айтты. Алардын 28 миңи медициналык факультеттерде окуйт. Пакистандан келген студенттердин саны 12 миңден, Индиядан келгендер 14 миңден ашуун.
17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.
18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.
ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.
Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.
Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты. (BTo)
Дагы караңыз
Ооганстанда испаниялык үч жаран каза болдуМосквада мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкканы кабарландыОрусияда согушту айыптаган жаран 25 жылга соттолдуБишкекте Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршылар чогулдуОң рулдуу машиналарды каттоого уруксат берүү сунушталдыУкраина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айттыКадырбеков: Окуу жайлар чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылышы керекПрезидент: Кырдаалды үчүнчү күчтөр колдонууга аракет кылды