Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Кадырбеков: Окуу жайлар чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылышы керек


Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда жогорку окуу жайлар чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун камсыз кылып бериши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-майда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайлар чет өлкөдөн келген студенттердин эсебинен байып, бир топ иштерин жасап алды. Мисалы, Ош мамлекеттик университети инфраструктурасын жакшыртып алды. Анткени чет элдик студенттердин көбү – 15 миң 654 чет элдик студент ушул жакта окуйт экен. Алардын көбү Индия, Пакистандан келгендер. Эми аларга ушундай мамиле кыла берсек Казакстан менен Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн. Окуу жайлар студенттердин акчасын алып байыганды билет. Бирок эмнеге алардын коопсуздугун карабайт. ИИМ менен же коопсуздукту караган компаниялар менен келишим түзүп иштеш керек болчу”, - деди ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 20-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алуусу үчүн 3 миң доллардан кем эмес каражат төлөй турганын айтты.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык студент мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG