Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Оң рулдуу машиналарды каттоого уруксат берүү сунушталды


Оң рулдуу машина.
Оң рулдуу машина.

Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу автоунааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушу берилди. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев менен Марлен Маматалиев жазып чыгып, коомдук талкууга коюшту.

Документтин маалымкат-негиздемесинде өлкөгө буга чейин алынып келген оң рулдуу машиналардын техникалык абалы жакшы экени жана баасы да элдин чөнтөгүнө туура келгендиктен сатып алып жатышканы белгиленген. Бирок аларды каттоого тыюу салынгандыктан каттоодон өткөрө албай жатышканы айтылат.

Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мамлекеттик ишканасы) маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 873 миң 592 жеңил машина катталган, анын 127 миң 842 оң рулдуу болгон. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда 1 миллион 171 миң 454 жеңил автоунаа катталса, анын 174 миң 826сын оң рулдуу.

Депутаттар оң рулдуу машиналарды каттоо үчүн ушул жылдын аягына чейин бир жолку мунапыс жарыялоо сунушун берди.

Кыргызстанда 2015-жылдан тартып оң рулдуу автоунааларды каттоого тыюу салынган. Буга өлкөдө алар катышкан жол кырсыктары көп болуп жатканы менен да байланыштырылган. Депутаттар расмий маалыматтарга таянып, 2015-жылдан 2024-жылдын март айына чейин болгон жол кырсыктарынын жалпы санынын 35% түзгөнүн кабарлашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG