“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт

“РСК Банктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

“РСК Банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Мамлекет башчы үй-жайы жок жарандарды турак жай менен камсыздоо иш аракеттеринин алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен “РСК Банктын” банкын бирге иштетүү чечими кабыл алынганын, аны менен чогуу банк башкача аталышта иштөөгө өтөрүн билдирди.

“Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик “РСК Банкы” менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки апта ичинде “РСК банкы” “Элдик банк” болуп аталышы өзгөртүлөт. Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет). Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет. Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50% төлөйсүз”, – деп жазды Садыр Жапаров.

Президент бул механизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштай турганын, муну үчүн “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илингенин белгилейт. Ал үй алууну каалагандарды ага чейин аталган банкта эсеп ачып, каражаттарын чогулта берүүгө чакырат.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта кол койгон жарлыктын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өткөн. Ага чейин ипотекалык компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) директору Алмамбет Шыкмаматов февралда Жогорку Кеңештин “Элдик” фракциясынын Бишкектеги көчмө жыйынында сүйлөп жатып, президент койгон тапшырманын негизинде компания келерки эки-үч жылда Кыргызстандын аймактарында 13 857 батир кура турганын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров январда Фейсбуктагы баракчасына да аталган тема жөнүндө пост жазып, жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Анда мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар үчүн анын жарым баасын алдын ала төлөп, үй алууга шарт түзүлөрү айтылган.

Мамлекет башчы социалдык батирлер Кыргызстандагы 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда курула баштай турганын жазып, азыр салынып жаткан объектилердин тизмесин жарыялаган.

“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы” ачык акционердик коому 1996-жылы негизделген. 2008-жылдан тартып, “РСК Банк” аталышына өткөн. Учурда анын уставдык капиталы 10 млрд сомго жакын жана банктын 100% акциясы Министрлер кабинетине карайт. (ErN)

Дагы караңыз

ТИМ медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырдыМинистр Бейшеналиев чет элдик үч студент ооруканага түшкөнүн айтты Ташиев Бишкектеги окуя тууралуу маалымат бердиБишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарландыИрандык аткаминерлердин Дубайдагы мүлкү тууралуу иликтөө чыктыЛукашенко Тоолуу Карабак аймагына барды