Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Ташиев Бишкектеги окуя тууралуу маалымат берди


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев видео кайрылуу таратып, 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларга байланыштуу маалымат берди.

Ал алгачкы мушташтан улам 17-майдын кечинде борбордо 18 жаштан 25 жашка чейинки, ар кайсы сааттарда 200дөн баштап 500-700гө чейин жергиликтүү жарандар чогулганын белгиледи. Атайын кызматтын башчысы алар Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттардын көбөйүп кетишине нааразылык билдиришкенин айтты.

“Келген мигранттардын көбөйүп кеткенине байланыштуу биз дагы өз чараларыбызды көрүп келгенбиз. Апрель айынын башында президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке тапшырмасы менен мамлекетибиздин ичинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилиги кароо боюнча жумуштар активдүү жүргүзүлгөн. Азыр да уланып жатат. Күнүнө жок дегенде 20-30дан, же 50дөн мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап чыгып, аларды мамлекеттен чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз. Расмий статистикаларга таянсак, чет элдиктердин ичинде мыйзам бузууга баргандардын көбү Пакистандын жана Бангладештин жарандары болуп чыгууда. Мунун ичинен Пакистандан келген 1,5 миңдей адамды, Бангладештен келген миңдей адамды өз өлкөлөрүнө кайтардык. Бирок ошол эле маалда бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мамлекетибиздин ичинде жүргөн 5 миңге жакын чет элдик мигрант бар. Ошондуктан бүгүндөн тартып аларга чара көрүү жумуштарын дагы да күчтөнтөбүз. Мына ушунун фонунда кечээ чогулган адамдардын талаптары орундуу деп эсептейбиз, бирок ошол эле маалда коомдук тартипти бузуу же мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселелери чыкса, анда аларга чаралар көрүлөт. Кечээ мамлекеттик органдар тараптан аларга эч кандай чара көрүлгөн жок жана күч колдонулган жок. Алардын ичинде жаман аракеттерге бара турган ойлору болгон жок. Бирок арасында чагымчылар да болгонун билебиз, аларды тактап бүттүк. Ичинде курал менен жүргөндөрү да болду, аларды кармадык. Бул жарандарды жоопко тартабыз”, – деди Камчыбек Ташиев.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жаракат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыккан.

18-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Мындан кийин калаанын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолгон. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.

17-майдын кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айткан.

Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок. Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти. (ErN)

XS
SM
MD
LG