Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 2027-жылы Бразилияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Таиланддын борбору Бангкокто өтүп жаткан Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 74-конгрессинде белгилүү болду.
Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатынын өткөрүү үчүн Бразилия менен Белгия - Нидерландия - Германия биригип сунуш киргизген. Бирок Бразилия жалпы 119 добуш менен кыз-келиндердин мундиалын өткөрүү укугун утуп алды. Белгия - Нидерландия - Германия арызы 78 добуш алган. Ошентип, Бразилия аялдар арасындагы дүйнө чемпионатын өткөрө турган Түштүк Америкалык биринчи өлкө болмокчу. Бул футбол боюнча кыз-келиндердин 10-дүйнө чемпионаты болот.
Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 1991-жылдан бери өткөрүлөт. Буга чейин мелдешке 16 команда катышып келген болсо, 2015-жылдан баштап 24 команда катыша баштаган. Былтыр Австралия менен Жаңы Зеландиядада өткөн дүйнө чемпионатында биринчи жолу 32 команда катышты. Бул чемпионатта Испаниянын кыз-келиндер курамасы жеңишке жеткен.
Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатын АКШ төрт ирет уткан. Германиянын кыз-келиндер курамасы эки ирет жеңсе, Норвегия, Жапония жана Испания бирден чемпион болгон. (GT)
Дагы караңыз
Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митинг өткөн жерде дин кызматкерлери баштаган жүрүш болдуЕвробиримдик Иранды "өзөктүк траекториясын артка кайтарууга" үндөдүИИМ “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери кармалганын билдирди