Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

ИИМ “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери кармалганын билдирди


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү лидерлери жана мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 15-майда министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тинтүүнүн жыйынтыгында ар кандай экстремисттик мазмундагы материалдар, уюлдук телефондор, электрондук жабдыктар алынып, уюмдун активдүү төрт лидери жана мүчөлөрү кармалып, камакка алынган. Алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Чүй облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жаткан.

Сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG