Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митинг өткөн жерде дин кызматкерлери баштаган жүрүш болду


Тбилиси. 2023-жылдын 17-майы.
Тбилиси. 2023-жылдын 17-майы.

Грузияда бир нече аптадан бери "чет элдик агент" мыйзамына каршы жапырт митингдер болуп келген борбор калаа Тбилисиде бүгүн, 17-майда "Үй-бүлө ыйыктыгы" күнүнө арналган жүрүш дин кызматкерлеринин башчылыгы менен өтүүдө. Алар да аталган мыйзамга каршылыгын билдирген демонстранттар жүрүш уюштурган борбордук Руставели проспектисин ээлеп, тынч акциясын өткөрүштү.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршы активисттер кагылышууга жол бербеш үчүн бул күнү өз акциясын токтото турууну чечишти.

"Үй-бүлө ыйыктыгы" күнүн Грузиянын консервативдүү православ чиркөөсү дүйнө жүзүндө жыл сайын 17-майда белгиленүүчү ЛГБТ укуктарынын бузулушу тууралуу маалыматты жайылтуу максатын көздөгөн Гомофобияга, бифобияга жана трансфобияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө (IDAHOBIT) жооп катары 2014-жылы негиздеген.

2013-жылы 17-майда ондогон дин кызматкерлери баштаган православ активисттери Тбилисиде гомофобияга каршы акцияга чыккандарды кубалап кетиришкен. Ал күнү 30га жакын жарандык активист жана укук коргоочу, бир нече полиция кызматкери жараат алган.

Эки күн мурда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 17-майды "Үй-бүлөнүн ыйыктыгы жана ата-энени урматтоо күнүнүн" урматына дем алыш деп жарыялаган.

Бүгүнкү акцияны "чет элдик агент" мыйзамын демилгелеген, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун чектөө жана аялдардын парламенттеги квотасын кыскартуу тууралуу мыйзам долбоорлорун сунуштап жаткан бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы да колдоодо.

Кремлчил миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо өз позициясын бекемдөө аракетин көрүүдө.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Бул мыйзамга каршы грузин жарандары Орусия өнүгүүгө үлгү боло албай турган өлкө экенин, Грузия евроинтеграция жолун тандаганы туура экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG