Бишкектин Свердлов шайлоо округунан парламент депутаттыгына мурда талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиев президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдоду. Ал аталган райондо кайра шайлоо дайындоо боюнча жарлыкка кол койбоону суранды.
Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) кайра шайлоо өткөрүү чечимин туура эмес деп, мамлекетке да каржылык зыян болорун белгиледи.
"Мен өз аброюмду сотто да далилдегенге даярмын", - деди ал "Азаттыкка".
2022-жылкы шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган. Бирок БШК анын каттоосун жокко чыгарып, буга "добуш сатып алуу фактысы" негиз болгонун билдирген. Муртазалиев муну куру доомат деп атаган. Анын ордуна шайлоодо экинчи орунду алган Шайлообек Атазовго депутаттык мандат берилген.
Бишкектин административдик соту быйыл 1-мартта Муртазалиевдин арызынын негизинде №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
БШК 15-майдагы отурумунда президент Садыр Жапаровго Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады.
30 жаштагы Абдурахманхажи Муртазалиев Жиу-житсу боюнча эмгек сиңирген спорт чебери.
Ал мандат маселесинде БШКга каршы Башкы прокуратурага да кайрылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов аны депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку Соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан.
Дагы караңыз
Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок өтө татаал экенин айттыПашинян соңку армян-азери чек ара чечимин чоң ийгилик деп атадыСловакия: Кол салуу болгон премьердин өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалды