Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Пашинян соңку армян-азери чек ара чечимин чоң ийгилик деп атады


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Арменияда бир аптадан бери митингчилер отставкасын талап кылып жаткан премьер-министр Никол Пашинян Азербайжан менен жетишилген соңку чек ара келишимин жогору баалай турганын билдирди. Бүгүн 16-майда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып ал келишимди «чоң ийгилик» деп атады жана Армениянын эгемендиги менен эркиндигин мындан ары да бекемдөө, өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам жасалганын айтты.

Пашиняндын белгилешинче, Армения эгемендикке ээ болгондон бери алгачкы жолу чек ара тилкесин расмий түрдө делимитация кыла алды, бул чечим бүткүл армян-азери чек арасындагы коопсуздукка олуттуу өбөлгө түзөт.

Соңку чек ара келишими мыйзамсыз экенин айткан митингчилер 9-майда борбор калаа Ереванда нааразылык акциясын башташкан. Акциялар азыр да уланууда. Аларын айрымдарын полиция кармап кетүүдө.

Митингге катышкан парламент депутаттарынын бири Гарник Даниелян келишимди кылмыш деп атады.

15-майда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Армениянын жана Азербайжандын чек араны демаркациялоо жана чек ара коопсуздугу боюнча комиссиясы жолугуп, протоколго кол коюлганын маалымдады. Анда калктуу пункттар ортосундагы чек ара сызыгындагы тилке сүрөттөлгөн.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акция 9-майда башталган. Аны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян баштап, элди өкмөткө баш ийбөөгө чакырган. Миңдеген кишини чогулткан митингде Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгону айтылган.

Армян Тышкы иштер министрлиги Ереван жана Баку Армениянын Тавуш облусу жана Азербайжандын түндүк-батышындагы Газах району ортосундагы төрт айылдын аймактык тиешелүүлүгү боюнча баштапкы макулдашууга жетишкенин расмий маалымдаган. 1990-жылдардын башынан бери бул айылдар Армениянын көзөмөлүндө болчу, эми алар Азербайжан тарапка өтүүдө.

Пашинян өзү өлкөдөгү соңку окуялар боюнча комментарий бере элек. Бирок ал чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин мурдараак айткан болчу.

Талдоочулар азыркы митингдер Пашинян Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар Пашиняндын отставкасын талап кылган жана элди нааразылыкка үгүттөп жүргөн 52 жаштагы архиепископ Галстанянды "орусиялык тыңчы" деп атап, аны Азербайжан менен "мамиленин кайрадан козутууда" деп айыпташкан.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG