Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акцияларга төрт өлкөнүн министрлери катышты

Тбилисидеги акцияга Эстониянын, Латвиянын, Литванын жана Исландиянын башкы дипломаттары катышты.

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акцияларга тилектештигин чет мамлекеттер да билдирүүдө. 16-майга караган түнү өткөн миңдеген киши катышкан акцияга Тбилисиде иш сапарда жүргөн Эстониянын, Латвиянын, Литванын жана Исландиянын тышкы иштер министрлери да катышты. Алар демонстранттар менен бирге парламенттин имараты көздөй тынчтык жүрүшүнө да катышты.

Литванын башкы дипломаты Габриэлюс Ландсбергис өз сөзүндө: "Биз бул жолду бирге баштаганбыз, элибиз Москванын басымы алдында жашоо деген эмне экенин жакшы билет. Силерди эч качан жалгыз калтырбайбыз", - деп айтты.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

НАТО бул мыйзамды Грузияны "европалык жана евроатлантикалык интеграциядан алыстатып жаткан", "туура эмес багытты көздөй кадам" деп атады.

Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун айтып келет. Мамлекет башчынын чечим кабыл алышына мыйзамда 10 күндүк мөөнөт каралган.

Бирок "Грузин кыялынын" жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун жеңип өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

Мыйзам парламентте 84 "макул" жана 30 "каршы" добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес. (RK)

Дагы караңыз

“Азаттыктын” Польшадагы чабандес каармандары сыйландыДепутат "Ата-Бейитте" иштегендердин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыВенгрияга ишке барып жумушсуз калгандардын маселеси көтөрүлдүКөк-Жаңгакта күйдүргүгө шек саналган үч киши ооруканага кайрылды