Венгрияга заводго иштегени барып жумушсуз калган Кыргызстандын жарандары боюнча маселе Жогорку Кеңештин 16-майдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Таалайбек Сарыбашов адамдарга өлкөнүн ичинде жумушчу орундарын түзүп берүүгө аракет кылуу керек экенин айтты.
“Ортомчу компаниялар биздин 200гө жакын жараныбызды Венгрияга заводго ишке алып барып эми алар жумушсуз отуруп калышыптыр. Ушундай компанияларга да көңүл бурушубуз керек болуп атат”, - деди депутат.
Дагы караңыз "Венгрияга ишке барып ара жолдо калдык"15-майда “Азаттыктын” сайтына “Венгрияга ишке барып ара жолдо калдык” деген макала чыккан. Анда Венгрияга заводго иштегени барган 200дөн ашуун кыргызстандык бир эле күндө “завод жабылды” деген негиз менен жумушсуз калышканы айтылган.
Алар ишке жиберген ортомчу компания жумушчуларга иш берүүчүлөрдүн талаптарын түшүндүрбөй жибергенине нааразы болуп жатышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул маселени көзөмөлгө алганын билдирген.
Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар акыркы эки жылы катары менен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары жумушсуздукту аташкан. (BTo)
Дагы караңыз
“Азаттыктын” Польшадагы чабандес каармандары сыйландыКөк-Жаңгакта күйдүргүгө шек саналган үч киши ооруканага кайрылдыБишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалды Акаев балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин айттыБишкекте билим берүү адиси Ари Покканын китебинин бет ачары өтөтМинистрлик күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирдиАба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүнТурак жай, унааны камсыздандыруу боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталдыСловакия: Кол салуу болгон премьердин өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалды