Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Аба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-18-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

17-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...28, күндүз 25...30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 25...27 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG