16-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болуп, 40 мүнөттөн кийин кайра имаратка киришти.
Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирип, бомба коюлганы тууралуу маалымат электрондук почтага келгенин, бомба табылбаганын кабарлады. Пландалган рейстер токтотулган жок.
Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан “Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда манилүү транспорттук мекеме болуп саналат.
Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)
Дагы караңыз
Министр Ажыкеев июндун ортосуна чейин сел коркунучу сакталарын билдирдиГрузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда Зурабишвили "чет элдик агент" мыйзамы Грузия мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жаратарын айттыСловакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду 15-май: Кемпирабадчылар бийликке кайрылды, Словакиянын премьерине кол салуу болду