Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду


Роберт Фицо
Роберт Фицо

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болгонун 15-майда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришти. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалыматты тастыктап, окуяны кол салуу деп атады.

Кол салуу борбор калаа Братиславадан 150 чакырым түндүк-чыгыш тараптагы аймакта болгону, ал өкмөттүн жыйынына катышкандан кийин чыгып, элдин арасынан өтүп баратканда бир киши 4-5 жолу ок атканы маалымдалды.

59 жаштагы өкмөт башчы ооруканага тик учак менен жеткирилди. Социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына чыккан маалыматка караганда, ал "өмүрүнө коркунуч жараткан жараат" алды, дарыгерлер операцияга камданууда.

Pravda.sk басылмасы өкмөт башчы көкүрөгүнөн жана курсагынан жараат алганын, абалы оор деп бааланып жатканын билдирди.

Reuters Банска-Бистрице шаарынын ооруканасынын маалыматына таянып жазгандай, Фицонун абалы турукташты, ал эсин жоготкон жок.

Шектүү кармалды. Ал Словакиянын батышындагы Левице шаарынын 71 жаштагы тургуну экени маалымдалды.

Роберт Фицо беш миллиондой калкы бар Словакиянын өкмөт башчысы болуп үчүнчү жолу былтыр октябрда дайындалган. Шайлоо өнөктүгү маалында ал Украинага аскердик жардамды токтотуу зарылдыгын, Орусияга киргизилген санкцияларга каршы экенин айтып келген. Ал буга чейин 2006-2010-жылдары, 2012-2018-жылдары өкмөттү жетектеген.

2018-жылы Фицо иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированын киши колдуу болушуна байланыштуу өлкөдө тутанган нааразылыктан улам кызматтан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG