Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү акын, чыгаан журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүү иш-чарасы өтүүдө.
Саамалыкта Зарлыкбековдун өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу видеобаян көрсөтүлүп, ырлары окулуп, баяндамалар жасалды. Иш-чарага калемгердин замандаштары, калемдештери жана жакындары катышууда.
Акын, журналист, публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 2016-жылдын 10-майында 57 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Анын ыр китептери көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпаганы менен, маалымдоо каражаттары аркылуу өз окурмандарын таап, атын тааныта алган. Жолдошбек Зарлыкбеков элге кеңири таанылган “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” ж.б. мезгилдүү басылмаларда иштеп, өзүнүн кесипкөй журналист экендигин далилдеген. (MZh)
Дагы караңыз
Дүйнөлүк саламаттык уюму Газада каза болгондордун санынан күмөн санабай турганын билдирдиКемпир-Абад иши: Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын айтуудаКыргызстандын музейлеринде "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөтКыргызстан-Малайзия биргелешкен комиссиясынын иши жандандырылат