Бишкек менен Чүйдө маңзат даярдаган лабораториялар аныкталды

Маңзат даярдаган лаборатория. ИИМ тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында маңзат даярдаган үч лаборатория аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка карганда, баңгизаттарын чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келүү жана сатуу тармагын түзгөн трансулуттук топ түзүүгө шектелип алты кыргызстандык жана Орусиянын бир жараны кармалды. Кармалган жарандардын алтоо кылмышка шектүү катары Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ органикалык баңгизаттарды саткан “Gangzilla” атуу интернет дүкөнүнүн ишмердигине бөгөт коюлуп, Кыргызстанга маңзат жеткирүүчү эл аралык канал жабылганын билдирди.

"Аталган интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысы 10 кг ашык марихуана ("бүчүрлөр"), 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалы, лаборатория жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар, техникалык жабдуулар алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган баңгизаттын баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 млн сомду түзөрү белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде маңзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзамдарга ылайык, маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жаза каралган. (КЕ)

Дагы караңыз

Грузин парламенти "чет элдик агент" мыйзамын жапырт нааразылыкка карабастан кабыл алдыКемпир-Абад иши: Конвойлор Дүйшөбаевди сотко көтөрүп келиштиИгорь Чудинов дирекциянын директору кызматынан алындыСот Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты