Ирандык кинорежиссер Мохаммад Расулоф коопсуздугуна коркунуч жаралгандыктан мекенинен жашыруун чыгып кетүүгө мажбур болгонун 13-майда билдирди. Ал социалдык түйүндөргө жарыяланган билдирүүсүндө мекенинде «улуттук коопсуздукка каршы кутум» деген айып тагылганын, сегиз жылдык абак мөөнөтү жана балак уруу жаза чарасы чегерилгенин, бир нече күн мурда Европага чыгып кеткенин маалымдады.
Иран бийлиги Расулофтун «Ыйык анжир үрөнү» көркөм тасмасын ушул аптада башталып жаткан дүйнөлүк Канн кинофестивалынан чакыртып алууну талап кылган.
"Чечим кабыл алуу үчүн убактым болгон деле жок. Же түрмөнү, же Ирандан чыгып кетүүнү тандоого мажбур болдум", - деди ал.
2017-жылы Иран бийлиги кинорежиссердун паспортун тартып алып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган. 2022-жылдын июнь айында камакка алынып, мунапыс алкагында бир жылдан кийин бошотулган.
Тасманы тартып жаткан учурда өзү да, чыгармачыл топтун башка мүчөлөрү да кысымга, басымга кабылганын айткан Расулоф бир нече жолу атайын кызматка суракка да чакырылышканын айткан.
Тасма эмне тууралуу экени көпкө чейин айтылбай келген. Соңку маалыматка караганда, анда Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары боюнча козголгон иштерди караган судьянын тагдыры тууралуу баяндалат.
2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.
Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалдыСот жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга кести Жазуучу Олжобай Шакир сотто акыркы сөзүн сүйлөдүБишкекте борбордук көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү оңдоо үчүн жабылат