Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Жазуучу Олжобай Шакир сотто акыркы сөзүн сүйлөдү


Олжобай Шакир сот залында.
Олжобай Шакир сот залында.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айтты. Анын камалышына социалдык түйүндө онлайн акция өткөрүү демилгеси себеп болгон. Олжобай Шакир агартуучу катары элдин аң-сезиминде элдик бийлик эмне экенин түшүндүрүүнү каалаганын белгиледи. Ал ошондой эле соттун бардык чечимине даяр экенин билдирди.

14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда тараптар жарыш сөзгө да чыкты. Ушул күнү сот чечими чыгышы мүмкүндүгү айтылган.

Публицисттин адвокаты Акмат Алагушев Олжобай Шакирдин видеолору боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын негизсиз деп, сотту көз карандысыз экспертиза жүргүзгөн Нуржан Нарынбаеванын эксперттик бүтүмүнө көңүл бурууга чакырды.

“Нарынбаева эч кандай төңкөрүш, бийликти алмаштырууга чакырык жасаган жок, элди башаламандыкка чакырган жок деп бүтүм чыгарды. Ал эми политологиялык экспертиза жасаган Азамат Жанышбек уулунун бүтүмүн жокко чыгарууну өтүнөм. Ал эксперттердин реестринде турбайт жана ал бүтүмдү жарым саатта гана чыгарган. Берилген материалдарды толук карап чыгууга үлгүргөн эмес. Ал ошондой эле эч кандай илимий документ же методологияга таянган эмес”, - деген адвокат Ожобай Шакирдин күнөөсү сотто далилденбегенин кошумчалады.

Мамлекеттик айыптоочу политологиялык экспертиза өз убагында жүргүзүлгөнүн, убакыт боюнча чектөө болбогонун, Азамат Жанышбек уулу бүтүмдү чыгарып бергенин айтты.

Прокурор Олжобай Шакирди жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор ал интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. Өкмөттүн азыркы саясаты демократиялык баалуулуктарга туура келбестигин белгилеп, 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир деп таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (KS/SE)

XS
SM
MD
LG