Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингге студенттер да кошулду

Грузия. Тбилиси.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акцияга студенттер да кошулганын 14-майда «Азаттыктын» грузин кызматы кабарлады. Борбор калаа Тбилисиде парламент имаратынын алдында өтүп жаткан митингге Грузиянын ар кыл жогорку окуу жайларында окуган студенттер да жөө жүрүш менен чыгып кошулушту.

Мыйзам долбоору боюнча акыркы чечим бүгүн кабыл алынат деп болжолдонуп жатат – бийликтеги партия сунуштаган долбоор парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү, жыйынтыктоочу окууда каралып, добушка коюлат.

Парламенттин алдында чогулгандар мыйзамдын демилгечилерин «Кулдар!» деп атап, кыйкырып турушат. Полиция тегеректеги көчөлөрдү тосуп койгон. Бийликчил депутаттар имаратка ошол жактан кирип жатышат.

Оппозициялык депутаттар парламенттеги иш бөлмөсүнүн терезесинен Грузиянын мамлекеттик туусун, Европа Биримдигинин туусун желбиретип илип коюшту. Демонстранттар аларды колдогон ураандарды айтууда.

Мыйзам "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот, бул мыйзам менен бийликти сындагандардын "оозун жабууга" жол ачылат.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтты.

Орусиянын оппозицияны жана сөз эркиндигин чектеген "чет элдик агент" мыйзамына окшош деп сынга кабылып жаткан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген, азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялы" сунуштоодо.

Оппозиция ага каршы чыгып, дээрлик бир айдан бери борбор калаа Тбилисиде он миңдеген киши катышкан митингдерди уюштуруууда. Полиция алардын айрымдарын кармап кетүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Эрдоган Түркияда ХАМАСтын 1000дей мүчөсү дарыланып жатканын айттыКемпир-Абад иши: Дүйшөбаевдин саламаттыгынан улам сот жылышы мүмкүн Бишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалдыАтатүрк паркы: Мэрия 43 гектар жерди кайтаруу аракетин баштайт