Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Эрдоган Түркияда ХАМАСтын 1000дей мүчөсү дарыланып жатканын айтты


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

13-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Анкарада жолугушту. Жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө Мицотакис ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) "террордук уюм" деп сыпаттады. Эрдоган буга макул эместигин бир нече жолу кайталап, Түркияда аталган топтун миңдей мүчөсү дарыланып жатканын айтты.

"Менин өлкөмдө учурда ХАМАСтын миңден ашуун мүчөсү ооруканаларыбызда дарыланууда жана биз бул ишти улантабыз", - деди Эрдоган.

Түрк лидери былтыр 25-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө да ХАМАС радикал тобун террордук уюм деп атаган өлкөлөрдү сынга алган. Эрдоган бул уюм "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондук тобу" деп айткан.

Былтыр 7-октябрда Израил менен ХАМАСтын согушу башталгандан бери Түркиянын ири шаарларында Газанын тургундарын колдоо акциялары өтүп келет. Алардын эң ирисин бийликтеги АК партиясы (АКР) уюштуруп, ага президент Эрдоган өзү катышкан учурлар да болгон.

Ал эми май айынан баштап Түркия Израил менен соода алакасын толугу менен токтотконун жарыялаган. Расмий Тель-Авив "түрк экономикасына зыян келтире турган каршы чаралар көрүлөрүн" эскерткен.

"Түрк Кызылай" коомунун маалыматы боюнча, Түркиядан Газага 13 учак жана 8 кеме болжол менен 40 миң тонна гуманитардык жардам жеткирген.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирүүдө.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG