Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Кемпир-Абад иши: Дүйшөбаевдин саламаттыгынан улам сот жылышы мүмкүн


Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

Кемпир-Абад иши 14-майдагы соттук отурум тергөө абагында жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылышы мүмкүн. Бул туралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" билдиришти. Отурум саат 14:00дө уланышы керек эле.

Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Райондук соттун басма сөз кызматы Дүйшөбаев ооруп жатканын тастыктады, бирок күчтөп отурумга алып келингенин бышыктаган жок.

Санаалаштарынын айтымында, анын кан басымы жогорулап, канындагы канттын көрсөткүчү 16га көтөрүлүп жатат. "Азаттык" азырынча Жаза аткаруу кызматынан комментарий ала алган жок.

Саясатчынын абалы начарлаганына байланыштуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар 8-майда да кайрылуу жолдошкон. Анда Дүйшөбаевди Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү аны күч колдонуу менен сотко алып келишкени белгиленген. Алар муну кыйноо деп баалашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” грифин койгон.

Шектүүлөр муну саясий куугунтук деп, күнөөнү моюнга алган эмес. Сот отурумдары жабык өтүүдө.

67 жаштагы Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG