Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына жетекчи болду

Игорь Чудинов.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов өткөн аптада “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

“Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. 2024-жылдын 28-февралында “Электр станциялар” ишканасынын акционерлеринин кезексиз жолугушуусунда “Камбар-Ата 1” ГЭСи “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына башкарууга берилген.

Игорь Чудинов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Ал 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жер ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Игорь Чудинов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган. (BTo)

Дагы караңыз

Сузактагы окуя: Комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштадыЖамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп кайрадан дайындалды13-май: Темиров жубайы абакта сабалганын билдирди, Бишимбаев 24 жылга соттолду Түркмөн бийлиги көчөдө кайыр сурагандарды талаага ишке салууда Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр 24 жылга эркинен ажыратылды