"Сезим" кризистик борборуна Атыр Абдрахматова жетекчи болуп келди

Атыр Абдрахматова

"Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору болуп Атыр Абдрахматова шайланды.

Бул кызматка үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында шайланганын "Азаттыкка" Абдрахматова 13-майда билдирди.

24 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөлөргө акысыз укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүп келаткан уюмду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеген.

"Сезим" кризистик борбору кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына, өкүмзорлукка, көп аялдуулукка жана башка укук бузууларга каршы ишмердик жүргүзөт. Оор тагдырга кабылганга көмөк көрсөтөт. Тең укуктуулук сакталбаган жагдайларды сындайт.

Кыргыз коомчулугу Атыр Абдрахматованы юрист жана укук коргоочу катары тааныйт. Ал 2022-2023-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы - омбудсмен кызматын аркалаган. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.

Дагы караңыз

Кыргызстанда электрондук капчыктардан акча уурдагандар кармалды УКМК жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталганын билдирдиОрусияда кабат үйдүн бир бөлүгү ураган жерде каза болгондор 15ке жетти