Кыргызстанда электрондук капчыктардан акча уурдагандар кармалды

Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыштуу топ маалыматтык технологияларды колдонуу менен социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу вирустук программаларды таратышкан. Аларды активдештиргенден кийин колдонуучулар электрондук капчыктарындагы акчаларынан кол жууган.

Акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасын уюштурууга шек саналып эки чет элдик, Кыргызстандын эки жараны кармалды.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

УКМК жарандарды шектүү шилтемелерден өтпөөгө жана банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги телефон шылуундары күч алганын эскерткен. Милиция жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин жардамы менен таасирдүү адамдардын сүрөтүн, видеосун, үнүн окшоштуруп пайдаланган жарнамалар жайылып жатканын белгилеген.

ИИМ 23-февралда милиция телефон шылуундугу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалганын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Аба ырайы: күн ачык болотУКМК жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталганын билдирдиКыргызстандан Орусияга автоунаа экспорту дээрлик токтодуЖыл башынан бери төрт миңден ашуун адам "Социалдык келишимге" арыз берди