Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылды. 1600дөн ашуун тургун жараат алганын "Талибан" өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-майда билдирди.
10-майда Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркады.
Жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкканына байланыштуу провинциянын суу каптаган аймактарына жардам жетпей жатат. Армия жардам ташыган унааларды баткактан чыгаруу үчүн оор техника колдонууга аргасыз болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Баглан провинциясында миңден ашуун турак жай кыйраганын, аймакта соңку бир нече аптадан бери суу ташкын утур-утур болуп жатканын билдирди. Эл аралык куткаруу комитети Ооганстандын жети провинциясында миңдеген адамдар жардамга муктаж экенин маалымдады.
Соңку айларда Азиянын бир нече өлкөсүндө, анын ичинде Казакстанда жана Кыргызстанда сел жана суу ташкын катталды. Апрелде Ооганстан менен Пакистандагы катуу жамгырдан жана суу ташкындан жүздөн ашуун киши өлгөн.
Дагы караңыз
Израил Газанын бир нече аймагына сокку урду"Асман жарылгандай болду". Орусия Харьковго чабуулун күчөттүГрузия: Миңдеген киши "Чет элдик агент" мыйзамына каршы чыкты Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздүБалбан Айаал Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо алды