Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл январь-март айларында бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык акысы 34 046 сомду түздү. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетине шилтеме кылып маалымдады.

Маалыматта эмгек акынын көбөйүшү бардык ишканаларда жана уюмдарда байкалганы белгиленген.

"Айлык акы дүң жана чекене соода жүгүртүүдө, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо ишканаларында 39,4 %, башка тейлөө ишмердиктеринде 41,7 %, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу - 32,8 %, курулуш - 32,6 %, кен казуу - 26,0 %, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик - 22,8 %, кыймылсыз мүлк операциялары - 22 %, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо тармагында - 21,4 % өстү", - деп жазылган маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча жыл башынан берки төрт айда ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 341,7 млрд. сомду түздү. Бул былтыркы ушул мезгилге караганда 107,4% көп.

Экономика жана коммерция министрлиги жалпысынан быйыл алгачкы кварталда экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалганын, инфляция басаңдаганын белгилөөдө. Ага ылайык, керектөө баа индекси 101,4 % түзүп, дээрлик 2,5 эсеге жайлады.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин маяналары менен пенсия, жөлөк пулдарды эки эсеге к чейин көтөргөн. Ал эми 2023-жылдын тогуз айында айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген.

Кыргызстанда 12-майдагы расмий курс боюнча 385,31 долларды түзгөн орточо айлык акы Евразия экономикалык биримдиктеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн ичинен эң аз болуп саналат. Мисалы, Беларуста орточо айлык акы 638, Арменияда 676, Казакстанда 774, Орусияда 857 долларды түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG