Ноокенде сууга жакын курулган турак жай, курулуштар бузулат

Сайга тургузулган үй. Ноокен району. Жалал-Абад облусу. 12-май, 2024-жыл.

Жаз айларында жаан-чачын тынымсыз жаагандан улам Ноокен районуна караштуу Эски-Масы суусунун ичиндеги тосмонун түбүн желип кеткен. Натыйжада суунун нугунун 400 метр аралыгы 3 метрге чейин тереңдеп, жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, ички чарбалык жолдорго, сай жээгинде курулган соода түйүн, тамактануучу жайларга кооптонуу жаралган. Ушундан улам турак жайларды башка аймакка көчүрүү чечими чыккан.

Ал эми суу жээгиндеги коммерциялык имараттар бузулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу жээгинен 75 метр аралыктакурулуштарын курбоо талабы бардыгын эскертти.

10-11-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады. (ZKo)

Дагы караңыз

Ат-Башыда катуу шамалда чатырдан кулап кеткен киши Бишкекке которулдуЖалал-Абадда селдин кесепетин жоюу иши уланууда Азербайжан менен Армения чек ара тууралуу сүйлөшүүнү жанданттыТбилиси: Миңдеген киши "Чет элдик агент" долбооруна каршы жүрүшкө чыкты