Балбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Үзүр Жусупбеков. (архив)

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Жусупбеков мындай сыймыкка 11-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинде татыды.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмакта Жусупбеков алгачкы беттешинде болгариялык Калоян Ивановду 3:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалга чыгуу үчүн таймашта финляндиялык Арви Саволайненге жеңилди. Фин балбаны финалга чыкканы үчүн көңүл жубатуучу таймашка чыгып, хорват Филип Сметкону утту (12:3). 3-орун үчүн беттеште жапониялык Юри Наказатону 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чечүүчү таймашта германиялык Лукас Лазогианисти 8:4 эсебинде жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп Оюндарына 10 лицензия бар.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов Олимпиадага катышууга укук алган. (ECh)

Дагы караңыз

"Кайгылуу бийкечтин каны". Айгүл - сүйүүнүн символу"Орусиянын сүтү басты". Ишкерлердин депутаттарга жообу"Аюу таптаган калк". Айтматов жазган нивхтерАт-Башыда шамалда жараат алган бир адамдын абалы оор