Казакстанда журналисттин соту башталды

Жамила Маричева.

Казакстанда мамлекеттик бюджеттин акчасынын сарпталашына көзөмөл жүргүзүүчү ProTenge долбоорунун негиздөөчүсү, журналист Жамила Маричевага козголгон иш боюнча соттук териштирүү башталды. Кезектеги сот отуруму 6-майга дайындалды.

Иш Алматыда, административдик мыйзам бузуулар боюнча район аралык сотто каралууда. Алгачкы отурум 2-майда өттү. Анда полиция өкүлү журналист “жалган маалымат тараткан” деп айыпталып жатканын билдирди.

Маричеванын адвокаты ал кылмыш кылбаганын айтып, териштирүүнү токтотууга чакырды.

Журналистти 24-апрелде кармап кетип, Бостандык райондук полиция башкармалыгында дээрлик бир саат кармашкан. Алматы полициясы «ProTenge Telegram-каналынын автору жалган маалымат тараканы үчүн полицияга жеткирилгенин, ага карата административдик протокол түзүлгөнүн» маалымдаган.

Быйыл январь айында “Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарчылары аккредитация ала албай жатканын жарыялаганда ProТenge өзүнүн Telegram-каналына аларды колдогон мазмундагы пост жарыялаган жана “Азаттыкты” маанилүү иликтөөлөрдү жасап жаткан күчтүү командалардын бири деп атаган.

Ошол постту бөлүшкөн журналист Асхат Ниязовго «жалаа жабуу» деген айып тагылган. Өткөн аптада анын иши сотто каралып, судья териштирүүгө негиз жок деген чечим чыгарып, ишти жапкан. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз жарандарына зарыл болбосо Орусияга барбай туруу сунушталдыОрусияда экстремизмге айыпталган "Жахаба күбөсү" соттон акталдыШайлоо: Бир мандаттуу система өзүн актадыбы?Грузияда нааразылык акцияга чыккандар чагымга кабылганын айтышты