Кыргызгидромет агенттиги 4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын болорун маалымдады.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго тайгак болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25°.
Дагы караңыз
Сузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди "Жылкычы чымчык" эл аралык сынакта сыйлыкка татыдыБасма сөз эркиндигинин жаңы индексинде Кыргызстан 120-орунду ээледи