Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

Басма сөз эркиндигинин жаңы индексинде Кыргызстан 120-орунду ээледи


Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп,120-орунду ээледи.

3-майда жарык көргөн баяндаманын авторлору бул жөн гана механикалык эффект экенин белгилеп жатышат. Себеп дегенде башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн түшүп кеткен.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамасында 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттар, абал изилденип чыккан. Бул ирет Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап, ал эми өлкө бийликтери жана саясий күчтөр медиа каражаттарын көбүрөөк дезинформацияны жайылтуу каналдары катары колдонуп жатканы белгиленет.

2023-жылкы рейтингде Кыргызстан бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашкан.

Быйыл жыл башында ондон ашуун иликтөөчү журналисттердин жапырт кармалып, камакка алынышы, айрымдардын социалдык тармактагы пикири үчүн соттолуп жатышы кыргыз өкмөтүнүн дарыгене сынды күчөткөн.

Бийлик өлкөдө сөз эркиндигине кысым жоктугун, журналисттердин иштешине бардык шарттар бар экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG