Орусиянын коргоо министринин орун басары Иванов камалды

Тимур Иванов

Москванын Басман райондук соту коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду 23-июнга чейин камакка алды. Ага ири өлчөмдөгү пара алган деген айып тагылды.

Коопсуздук кызматы аткаминерди шейшембиде кармап, Тергөө комитетине жеткирген. Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, Иванов "үчүнчү жактар менен макулдашып кылмышка барган". Соттордун биргелешкен басма сөз кызматы аны менен кошо дагы бир нече киши акча алууга катышкан деген шек менен кармалганын билдирди.

Алардын бири Сергей Бородин паракорлукка айыпталып, эки айга камалды.

ТАСС агенттигинин булагы министрликте аскерлерди турак жай менен камсыздоо, курулуш, ремонттук иштерге көз салган Ивановдун артынан бир нече убакыттан бери байкоо салып жүрүшкөнүн айтып берди. Ага каршы материалдар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жана оперативдик иш-чараларга негизделген.

Коргоо министрлигинин сайтына чыккан маалыматка караганда, 49 жаштагы Иванов бир кездерде отун-энергетикалык комплексте, Москва облусунун өкмөтүндө иштеген, "Оборонстрой" ишканасын жетектеген. Азыркы кызматына 2016-жылы дайындалган.

Иванов АКШ, Еврошаркет, Британия жана Канаданын санкциялар тизмесине киргизилген.

2022-жылы декабрда Алексей Навальныйдын командасы анын үй-бүлөсү тууралуу иликтөө чыгарган. Материалда Иванов жубайы менен эс алууга, яхта, виллалардын ижарасына, кымбат буюмдар менен кийим-кечеге бир миллиондон ашуун евро короткону айтылган. Андан тышкары аялынын чыгымдарын согушта талкаланган украиналык Мариупол шаарын калыбына келтирүү менен алектенген фирма төлөгөнү ачыкка чыккан.

Дагы караңыз

Ошто окуу жайдын жетекчиси менчиктештирип алган үй жана жер тилке мамлекетке кайтарылдыПрезидент башкы прокурор Зулушев менен министр Тургунбаевге сөгүш бердиКемпир-Абад иши: сотту ачык өткөрүүнү талап кылгандар акцияга чыгышты