Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

Президент башкы прокурор Зулушев менен министр Тургунбаевге сөгүш берди


Мелис Тургунбаев жана Курманкул Зулушев.
Мелис Тургунбаев жана Курманкул Зулушев.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган.

Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, андагы фактылар тастыкталганын билдирген.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчы мындан сырткары башкы прокурор Курманкул Зулушевге башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырды. Президент ошондой эле ага Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы М.Э.Майтпасовго, Ишкерлердин укуктарын коргоо жана экология тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы А.М.Аликуловго сөгүш жарыялап, аларды кызматтан которуу тапшырмасын берди.

Маселени изилдеген комиссиянын курамына президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара иштешүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, ошондой эле президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров кирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG