Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Ошто окуу жайдын жетекчиси менчиктештирип алган үй жана жер тилке мамлекетке кайтарылды


Сейитбек Аматов жана ал менчиктештирип алган жер тилкеси, анда курулган үй.
Сейитбек Аматов жана ал менчиктештирип алган жер тилкеси, анда курулган үй.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Маалыматта айтылгандай, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси болуп турган учурда жалпы аянты 266 чарчы метр болгон окуу жайдын жер тилкесин менчиктештирип, Ош шаарындагы Мухтар Нургазиев (Клубная) көчөсүнүн №3 дарегинде 4 кабаттуу 647,28 чарчы метр курулуш тургузгандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында менчик ээси жогоруда аталган 4 кабаттуу үйү бар жер тилкесин Ош шаардык мэриясынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

УКМКнын эсебинде аталган мүлктүн наркы 50 миллион 241 миң 145 сомго бааланган.

Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси Сейитбек Аматов окуу жайга караштуу жер тилкесин менчиктештирип алганын алгач көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков 2021-жылы иликтеп чыккан. “Айлыгынан байлыгы көп Аматовдор” деп аталган иликтөөсүндө ал бул жер тилкесинде мурда окуу жайдын жатаканасы турганын, Сейитбек Аматов аны 2009-жылы менчиктештирип, 2017-2018-жылдары анын ордуна үй куруп алганын аныктаган. Ошондо бул боюнча комментарий берип жатып, Аматов ал жерге өзү үй салганын, үй-бүлөсү менен ошол жерде каттоодо турарын мойнуна алган.

УКМК буга чейин Аксы районундагы борбордук базар, Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен борбордук автобекет, Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат жана Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн жарыялаган.

Мекеме жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштерин улантып жатканын кабарлайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG