АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилдин Коргонуу армиясынын “Нецах Йегуда” деген батальонуна санкция салууну көздөп жатканын Axios басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, бул бөлүктүн аскерлери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндердин укуктарын бузууга барган.
“Нецах Йегуда” батальонунда Израилдеги ашынган (ортодокс) диний коомдордун өкүлдөрү кызмат өтөшөт. Эгер санкция салынса, бул аскердик бөлүккө Америка жардам берүүнү токтотот дегенди билдирет.
Басылманын маалыматына караганда, чечим Мамдепартаменттин атайын комиссиясы батальондун ишмердигин иликтеп чыккандан кийин кабыл алынган. 2022-жылдын соңунда аскерлердин палестиндерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка тиешеси барлыгы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин териштирүү башталган.
2022-жылдын декабрь айында Израиль “Нецах Йегуда” батальонун Батыш жээктен чыгарып кеткен. Андан кийин бул аскердик бөлүк өлкөнүн түндүгүндө болуп, Газа тилкесиндеги операцияларга катышып келет.
Чечим кабыл алынса, бул АКШ израил армиясынын бир бөлүгүнө санкция киргизген биринчи учур болуп калат.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху санкциялар тууралуу кабарларды "болбогон кеп" деп атап, бул кадамга каршы күрөшөрүн билдирди. Ал эми Израил армиясы “Нецах Йегуда” эл аралык укуктун эрежелеринен чыкпаганын айтууда.
Дагы караңыз
Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болдуБритан тышкы иштер министри Кэмерон президент Жапаров менен үч маселени талкуулайт Ошто селден улам үйүнө кете албай калган балдар куткарылды