Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болду


Эмилбек Жусупов.
Эмилбек Жусупов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун өзү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Боршайком мындай чечимди 22-апрелдеги жыйынында кабыл алды.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттыкка" ырасташынча, анын бошогон мандаты "Ишеним" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер - Советбек Рустамбек уулуна өткөрүлүп берилди.

Советбек Рустамбек уулу
Советбек Рустамбек уулу


Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу арызын жазганы кабарланган.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген.

2023-жылы ноябрь айында “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси, Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG